Жаңылыктар

11.07.2026 12:48

   Кароолор: 15

МИНИСТР ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ СЕЛ ӨТҮҮЧҮ КАНАЛДАРДЫН КУРУЛУШУНАН КАБАР АЛДЫ

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен келип, облустун аймагындагы курулуп жаткан сел өтүүчү каналдардын курулушунан жана селдин кесепеттерин жоюу иштеринен кабар алды.

Белгилүү болгондой, быйыл ӨКМ тарабынан облустун Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту, Темир айылында сел өтүүчү канал курулууда. Долбоор боюнча эки айылдагы каналдын курулушун ушул жылдын соңуна чейин бүтүрүү каралган.

Алсак Бактуу-Долоноту айылында 2025-жылдан бери жалпы узундугу 2570 м сел өтүүчү канал, ал эми Темир айылында жалпы узундугу 2040 м каналдын курулушу жүрүүдө.

Мындан сырткар министр Ысык-Көл районунун Григорьевка капчыгайында Чоң-Ак-Суу суусунун нугунда курулган көпүрөнү көрүп чыкты.

Өз кезегинде ӨК министри Канатбек Чыныбаев райондогу жергиликтүү эл үчүн жана туристтик аймак катары эсептелген Ысык-Көл районундагы коопсуздук маселеси маанилүү экенин баса белгиледи.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу