Жаңылыктар
05.03.2026 11:11
Кароолор: 17
МИНИСТР УРМАТБЕК ШАМЫРКАНОВ ӨЗГӨНДӨГҮ КАЙГЫЛУУ ОКУЯГА БАЙЛАНЫШТУУ КАЙРЫЛУУ ЖОЛДОДУ
Урматтуу мекендештер!
Өзгөн районунун Мырза-Арык айылында өрт кырсыгынан төрт наристенин чарчап калганы тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Бул окуя баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп, чоң өкүнүч жаратты.
Маркумдардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Мындай оор жоготууну сөз менен жеңилдетүү мүмкүн эмес. Сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп, сабыр тилейбиз.
Тилекке каршы, мындай кайгылуу окуялар буга чейин да катталган. Өткөн жылы Ош шаарында өрт кырсыгынан 34 жаштагы эне беш баласы менен кошо каза болгону, Бишкекте карылар үйүнөн чыккан өрттөн эки адамдын өмүрү кыйылганы да терең кайгыга салган эле. Мына ушуга окшогон бир топ фактылар өрт коопсуздугуна кайдыгер мамиле кылуунун кандай оор кесепеттерге алып келерин дагы бир жолу эскертип турат.
Урматтуу жарандар!
Электр жабдууларын туура пайдалануу, бузук же кооптуу зымдарды колдонбоо жана үйдөгү өрт коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу — ар бирибиздин милдетибиз. Өрт кайдыгерлик мамилени кечирбей турганын турмуш көрсөтүүдө.
Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык жарандарды өрт коопсуздугун жана электр энергиясын колдонуу эрежелерин так сактоого чакырат. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүздүн жана балдарыбыздын коопсуздугуна жоопкерчилик менен карайлы!