Жаңылыктар
24.04.2026 20:30
Кароолор: 111
МИНИСТР СУЗАК РАЙОНУНДАГЫ ӨРТ-КУТКАРУУ БӨЛҮГҮНҮН ӨЗҮК КУРАМЫНАН КАБАР АЛДЫ
Канатбек Чыныбаев Сузак районундагы өрт-куткаруу бөлүгүнүн имаратынын абалы менен таанышып, Жалал-Абад облусу боюнча ӨКМдин өздүк курамы менен жолукту.
Министр жеринде кызматкерлердин иш шарттары, материалдык-техникалык камсыздоо деңгээли жана кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алды.
Мындан тышкары, ал Жалал-Абад облусу боюнча ӨКМдин көчмө механизацияланган отрядынын жаңы имараты менен таанышып, курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Чыныбаев Көк-Арт дарыясындагы кооптуу тилкелерди карап чыгып, бекемдөө иштерин долбоорго ылайык жана бардык сапат талаптарын сактоо менен жүргүзүүнү тапшырды.
Министр ошондой эле Манас шаарындагы ӨКМ алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасын да барып көрдү. Мындан сырткары, жаңы имаратты куруу боюнча макулдашуулар өткөрүлдү.
Канатбек Чыныбаев бардык объектилерде иштерди өз убагында жана сапаттуу аткаруунун маанилүүлүгүн белгилеп, тиешелүү тапшырмаларды берди.
https://www.facebook.com/share/v/1Dmqig6xud/