Жаңылыктар
15.05.2026 13:56
Кароолор: 54
МИНИСТР ШКУга МҮЧӨ МАМЛЕКЕТТЕРДИН ЭЛЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ ҮЧҮН АТАЙЫН ЭСЕП АЧУУ МАСЕЛЕСИН ТАЛКУУЛАДЫ
2026-жылдын 13–14-май күндөрү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде министр Канатбек Чыныбаев Беларусь Республикасынын, Иран Ислам Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын, Пакистан Ислам Республикасынын, Россия Федерациясынын жана Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчилери менен жолугушууларды өткөрдү.
Жолугушуулар Кыргыз Республикасынын 2026-жылы Шанхай кызматташтык уюмундагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруунун алкагында өттү.
Жолугушуулардын негизги темасы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жардам көрсөтүү механизмин түзүү боюнча стратегиялык демилгесин илгерилетүү болду. Бул демилге мүчө мамлекеттердин күч-аракетин бириктирүүгө жана ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууда өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Ушул алкакта Кыргызстандын ӨКМ башчысы элчилерге табигый кырсыктардан жабыркаган мамлекеттерге шашылыш жардам көрсөтүүнү каржылоо үчүн арналган атайын эсеп ачуу жөнүндө Жобонун долбоорун колдоп берүүнү өтүндү.
Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жаатындагы учурдагы жана келечектеги кызматташуунун кеңири маселелерин эки тараптуу негизде да, көп тараптуу форматтарда да талкуулашты.
ШКУга мүчө мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары кыргыз тараптын жүйөлөрүн эске алып, аймактык коопсуздукту чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешип, Жобонун долбоорун илгерилетүүгө жана мекемелер аралык өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.
Кыргыз Республикасынын ӨКМү тарабынан жакын арада эксперттик жыйындар өткөрүлөрү маалымдалып, анда уюмга мүчө мамлекеттерден түшкөн бардык сунуш-пикирлер документтин долбоорун сапаттуу иштеп чыгуу үчүн кеңири каралары айтылды.
Кыргыз тараптын негизги жана түпкү максаты — үзгүлтүксүз жана ыкчам иштеген өз ара жардам берүү механизмин түзүү экени өзгөчө белгиленди. Анткени адамдардын өмүрүн сактап калуу, аймактарды кыйраткыч табигый кырсыктардан коргоо жана боордош элдерге өз убагында жардам колун сунуу — бул Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө бардык мамлекеттердин куткаруучуларынын негизги милдети, эң жогорку парзы жана асыл миссиясы болуп саналат.