Жаңылыктар

26.05.2026 16:41

   Кароолор: 31

МИНИСТР ОШ ОБЛУСУНДА СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШТЕРИН ТЕКШЕРДИ

Бүгүн, 26-майда Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев сел кырсыгынан жабыркаган калктуу конуштарды кыдырып, жеринде калыбына келтирүү жана тазалоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

ӨКМ башчысы Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорундагы сел жүргөн аймактарды көрүп, тартылган кызматтардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөдү. Ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана тиешелүү кызматтарга калкка жардам көрсөтүүнү ыкчамдатуу боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, 24–25-май күндөрү Ош облусунун аймагында жалпы 14 суу каптоо катталган. Табигый кырсыктын кесепетинен 311 турак жай жабыркап, анын ичинен 13 үйдүн ичине сел суусу кирген. Мындан тышкары, 129 үйдүн жер төлөлөрү жана 169 үйдүн короо-жайлары суу алдында калган.

Ошондой эле 6 социалдык объект, 1 мечит жана 1 чарбалык дүкөн жабыркап, 7 чарбалык курулуш талкаланган. Сел суулары 19,7 гектар айыл чарба жерлерин жана 4 автоунааны каптаган.

Өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМдин күч каражаттары, жергиликтүү бийлик органдары, коммуналдык кызматтар, Коргоо министрлиги жана жергиликтүү тургундар тартылган. Жалпысынан 829 адам, 29 техника жана 29 мотопомпа ишке киргизилген.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 10 турак үй, 129 үйдүн жер төлөлөрү, 169 үйдүн короолору, 5 социалдык объект, 1 мечит жана башка объекттер сел калдыктарынан тазаланды. Ош — Араван — Чек-Абад, Ноокат — Араван — Добо-Коргон, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу жана Жаңы-Арык — Кызыл-Суу унаа жолдору толугу менен тазаланып, эки тараптуу кыймыл үчүн ачылды.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу жана келтирилген чыгымдарды тактоо иштери Араван районунун Жаңы-Араван айылында, Кара-Суу районунун Сары-Колот жана Жар-Ооз айылдарында, ошондой эле Өзгөн районунун Кароол айылында улантылууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу