Жаңылыктар
08.07.2026 17:44
Кароолор: 291
МИНИСТР ӨКМдин АЛА-БУКА РАЙОНДУК БӨЛҮМҮНҮН ИШТӨӨ ШАРТТАРЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ала-Бука райондорунда болуп, сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы абал жана кесепеттерди жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер менен жеринен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө министр ар бир аймакта аткарылып жаткан калыбына келтирүү жана алдын алуу иштерин тыкыр көзөмөлгө алып, тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлерине бир катар тапшырмаларды берди. Ар бир аткарылып жаткан иштердин негизги максаты жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана материалдык баалуулуктарын сактап калуу экенин өзгөчө белгиледи.
Мындан тышкары, Чыныбаев Ала-Бука районундагы министрликке караштуу Токой кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышып, жаңы отургузулган көчөттөрдүн учурдагы абалын жеринен көрүп чыкты.
Ошондой эле Ала-Бука райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн административдик имаратын кыдырып, кызматкерлер үчүн заманбап жана тийиштүү эмгек шарттарын түзүү зарылдыгын белгиледи.
Министр өздүк курам арасында кандай гана максатта болбосун акча чогултуу фактыларына жол берилбеши керектигин баса белгилеп, бул багыттагы талаптар так аткарылышы зарыл экенин айтты.