Жаңылыктар
27.03.2026 17:32
Кароолор: 24
МИНИСТР ОБЛУСТАР АРАЛЫК АЛЬТЕРНАТИВДИК ЖОЛДУН КООПТУУ ТИЛКЕЛЕРИН ЖЕРИНЕН КӨРДҮ
Бүгүн, 27-мартта Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жана байкоо жүргүзүү департаментинин жетекчиси Даурбек Сакыев менен биргеликте Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы альтернативдик жолдун адам өмүрүнө коркунуч келтирген кооптуу тилкелерин жеринен көрдү.
Министр иш сапардын жүрүшүндө облустар аралык альтернативдик жолдун 251, 266, 270-чакырымындагы таш кулоо кооптуулугу орун алган тилкелерди кыдырды. Андан соң Жумгал районунун Арал айылында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү менен көчмө жыйын өткөрүп, жолдо каттаган жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоону талкуулашты.
Белгилей кетсек, аталган унаа жолу 195-338-чакырымы тоолуу, татаал аймактан өткөндүктөн, жаз-күз айларында таш кулоо, кыш айларындагы кар көчкү, жер көчкү сыяктуу процесстердин алдын алуу, экономикалык чыгымдарга жана авариялык кырдаалдарга жол бербөө максатында, буга чейин Транспорт министрлигине кар көчкүдөн коргоочу галлереяларды, темир-бетон аралашмасынан таш кулоодон коргоочу тосмолорду куруу жана эскертүү белгилерин орнотуу, сел сууларын өткөрүүчү курулмаларды мезгил-мезгили менен тазалоону камсыз кылуу сунушталган.
Ошондой эле Тогуз-Торо, Жумгал райондорунун тиешелүү жол тейлөө мекмелеринин инженердик техникаларын жогорку даярдыкта кармап, кооптуу кырдаалда кесепеттерин жоюу иш-чараларын ыкчам жүргүзүү кеңеши берилди.
Мындан сырткары иш сапардын алкагында аймактагы өрт өчүрүү бөлүктөрдүн абалынан кабар алды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР