Жаңылыктар
30.06.2025 18:39
Кароолор: 62
МИНИСТР КЫТАЙДЫН СИНЬЦЗЯН-УЙГУР АВТОНОМИЯЛУУ РАЙОНУНУН ӨРТ-КУТКАРУУЧУЛАР ДЕЛЕГАЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Бүгүн, 30-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажыкеев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) Өрт-куткаруу департаментинин саясий комиссары Ли Цзян мырза баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушууда министр келген конокторду жылуу кабыл алып, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы өз ара урмат-сыйга, достукка жана коңшулук мамилелерге негизделген стратегиялык өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, иш сапары үчүн ыраазычылык билдирди.
Тараптар өрт коопсуздугу, авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Кытай тараптан олуттуу жардам – Кыргызстан менен Кытайдын президенттеринин ортосундагы макулдашуулардын алкагында Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн гранттык каражаттарынын эсебинен 100 даана өрт өчүрүүчү техника жана эки комплект Мобилдик оорукана берилгенин белгиледи.
Өз кезегинде Ли Цзян кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу жаатында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин ырастады.
Жыйындын соңунда кытайлык делегация Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрүн Үрүмчү шаарына келип, кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, биргелешкен иштердин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого чакырды.
Иш сапардын алкагында делегация ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №3 өрт-куткаруу бөлүгүндө болушту. Конокторго заманбап өрткө каршы жана авариялык-куткаруу унаалары, ошондой эле куткаруу кызматтарынын күнүмдүк ишмердүүлүгүндө колдонулуучу атайын техникалар көрсөтүлдү.
Андан соң Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборуна (ККББ) барып, өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү тутумунун принциптери, ошондой эле кризистик кырдаалдарды башкарууда колдонулган техникалык каражаттар менен таанышты. Аталган борбордун жетекчисинин орун басары Амангелди Акунов борбордун милдеттери жана функциялары тууралуу кеңири айтып берди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР