Жаңылыктар
25.09.2024 17:16
Кароолор: 1256
МИНИСТР КӨК-АРТ ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭГИН БЕКЕМДӨӨ ИШИНЕН КАБАР АЛДЫ
Бүгүн ӨК министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Жалал-Абад шаарына болгон иш сапарында Көк-Арт дарыясынын нугун буруу ишинен жеринде кабар алды. Сел сууларынан коргоо, алдын алуу максатында жээктерди бекемдөө боюнча тапшырмаларды тийиштүү жетекчилерге берди.
ӨКМден тартылган техникалардын жардамында Көк-Арт дарыясынын жээктери бекемдөө иши аяктаса жыйынтыгында 350 га жер сел кооптуулугунан корголот.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын апрель айында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам, Көк-Арт дарыясында суунун денгээли көтөрүлүп, кооптуулук жараткан.
Иш сапарынын жүрүшүндө мындан сырткары мининстр Жалал-Абад облустук администрациясынын жана мэриянын жаңы имараттарынын курулуш иштери менен таанышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР