Жаңылыктар

23.09.2026 19:01

   Кароолор: 37

Министр Кочкордо социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Нарын облусунун Кочкор районунда бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилерди кыдырды.

Анын жүрүшүндө Кочкор районунда 2026-жылдын июль айында каптаган сел сууларынан кийин “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын 5 тилкесинин 4ү тазаланып, калган 1 тилкесине габион торчолорун орнотуу маселеси каралды жана Чу дарыясына багытталган жаңы сел өткөрүүчү каналды казуу боюнча тапшырма берилди.

Андан соң министр Кочкордо К.Жүндүбаева атындагы 1800 орундуу мектептин курулушунун сапаттуулугун текшерди. Мектепти пайдаланууга берүү — 2027-жылдын ноябрына каралууда.

Мындан тышкары Кочкор районунун Эпкин айылында жана Жумгал районунун Куйручук айылында атайын бөлүнүп берилген жер тилкелерине өрт өчүрүү, тез жардам жана жол кайгуул кызматтары бирге жайгаша турган бирдиктүү заманбап комплекстери курулары айтылды.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу