Жаңылыктар

27.05.2026 15:36

   Кароолор: 104

МИНИСТР КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ОШТО СЕЛДЕН ЖАБЫРКАГАН АЙМАКТАРДЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 26-май күнү Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында сел кырсыгынан жабыркаган калктуу конуштарды кыдырды.

Министр жергиликтүү тургундар менен жолугуп, социалдык объектилердин абалы жана калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле жеринде сел коркунучунун кайра кайталанышына жол бербөө боюнча чаралар каралып, каналдарды тазалоо жана сел өткөрүүчү жайлардын өткөрүмдүүлүгүн калыбына келтирүү маселелери талкууланды.

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу