Жаңылыктар

29.03.2026 21:25

   Кароолор: 1014

МИНИСТР КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ӨРТ-КУТКАРУУ БӨЛҮКТӨРҮНҮН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусу жана Бишкек шаарында жайгашкан ӨКМдин өрт-куткаруу бөлүктөрүн кыдырып, өздүк курамдын жана алардын иштөө шарттары менен таанышты.

Министр ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгына караштуу №3, №4, №8 өрт-куткаруу бөлүктөрү жана Токмок шаарындагы №21, Чүй районундагы №24, Кеминдеги №5, Ысык-Ата районундагы №4, Кант шаарындагы №27 бөлүгүнө иш сапары менен барып, ар биринин материалдык-техникалык базасынын абалына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле, өрт өчүрүүчү-куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын, социалдык шарттарын, эс алуу жана нөөмөт өтөө жайларынын талапка шайкештигин текшерип, айрым кемчиликтерди ыкчам жоюу жана кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу