Жаңылыктар
12.10.2026 20:10
Кароолор: 157
МИНИСТР КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ КАРА-КУЛЖАДАГЫ ЖЕР КӨЧКҮ КАТТАЛГАН АЙМАККА БАРДЫ
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жер көчкү активдешкен аймакка барып, жериндеги кырдаал менен таанышты. Министр тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүнө көңүл буруп, коопсуздукту камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат алды.
Эскерте кетсек, буга чейин Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Тогуз-Булак айылындагы Доңуз-Ой тилкесинде жер көчкү активдешип, турак үйлөргө жана Ылай-Талаа–Гүлчө унаа жолуна коркунуч жаралган.
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адистери жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында жер көчкүнүн жаракасынын узундугу болжол менен 220 метрди, көчкү массасынын көлөмү 42 800 куб метрди түзөрү аныкталган. Атайын инженердик шаймандардын жардамы менен жүргүзүлгөн өлчөөлөр боюнча жер көчкүнүн жылыш ылдамдыгы саатына болжол менен 1,1 метрди түзгөн.
Адистер тарабынан жер көчкүнүн абалын изилдөө жана кырдаалга мониторинг жүргүзүү иштери улантылууда. Жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана кырсыктын кесепеттерин алдын алуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ