Жаңылыктар

16.07.2026 12:02

   Кароолор: 37

МИНИСТР КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯ КЫЗМАТЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Сиздерди Гидрометеорология кызматынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктайм!

Бир кылымдык тарыхында Гидрометеорология кызматы чоң өнүгүү жолун басып өттү. Сиздердин жан аябас жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздердин аркасында жаратылыштан келип чыккан өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана калктын коопсуздугун камсыз кылууга зор салым кошулууда. Климаттын катаал шарттарына карабастан, Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарында мөңгүлөрдү, суу ресурстарын жана башка жаратылыш процесстерин изилдөө иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келесиздер.

Кооптуу жаратылыш кубулуштарынын кесепеттерин алдын алуу жана азайтуу, ошондой эле жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча биз Кыргызгидрометтин болжолдоолоруна ар дайым таянабыз. Бүгүнкү күндө сиздердин аба ырайы боюнча божомолдоруңуздар фермерлер жана айыл чарба өндүрүүчүлөрү, туризм тармагы, ошондой эле өлкөнүн дээрлик бардык тармактары үчүн өзгөчө мааниге ээ.

Өлкө экономикасына жана калктын жашоосуна аба ырайынын терс таасирин азайтуу, ошондой эле гидрометеорологиялык коопсуздукту жогорку деңгээлде камсыз кылуу багытында адистердин болжолдоолорунун тактыгы 98 пайызга жетип, бул Кыргызгидрометтин ишине жарандардын ишенимин кыйла бекемдөөдө.

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

Кыргыз элинин алдындагы кесиптик милдетин татыктуу жана жоопкерчиликтүү аткарып жаткан ар бириңиздерге чың ден соолук, жаңы ийгиликтерди, бакубатчылык жана мындан аркы бийик жетишкендиктерди каалайм! Жараткан табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан сактап, Кыргызстаныбызда тынчтык, бакубатчылык жана өсүп-өнүгүүлөр гана болуп турсун!

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу