Жаңылыктар

25.03.2026 21:39

   Кароолор: 17

МИНИСТР КАНАТБЕК ЧЫНЫБАЕВ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ЖААТЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

2026-жылдын 25-мартында Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Франция Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николя Фай мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытындагы кыргыз-француз кызматташуусунун учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.

Министр француз тарап менен өз ара аракеттенүүнүн оң тажрыйбасын белгилеп, анын ичинде өрт коопсуздугу, куткаруу иштерин жүргүзүү, гуманитардык жана техникалык жардам көрсөтүү боюнча биргелешкен иш-чараларды атады.

Француз тарап кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө даяр экенин билдирип, адистерди даярдоо жана тиешелүү түзүмдөр ортосунда тажрыйба алмашууну улантууну сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар КР ӨКМ менен Франциянын Ички иштер министрлигинин ортосундагы кызматташтык тууралуу Протокол долбоорун илгерилетүү маселесин талкуулап, аны жакын арада макулдашууга жетишүүгө ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жаатында өнөктөштүктү чыңдоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин ырасташты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу