Жаңылыктар

18.03.2026 22:36

   Кароолор: 6

МИНИСТР К. ЧЫНЫБАЕВ ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНА ИШ САПАРЫ МЕНЕН БАРДЫ

Бүгүн, 18-мартта өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ысык-Көл облусуна кезектеги иш сапары менен келди.

Анда облустун Балыкчы шаарындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынын абалы, сактоо шарттары менен таанышып, азык-түлүк коопсуздугун талаптагыдай камсыздоодо жетиштүү шарттарды түзүү тапшырмасын койду.

Чолпон-Ата шаарында жайгашкан суучулдар кызматынын куткаруу жана суу астындагы техникалык иштерди жасоодо колдонулган шаймандары, каражаттарын көрүп, өлкөнүн туристтик борбору болгон Ысык-Көлдүн тазалыгын сактоо жана эс алуучулардын коопсуздугуна кам көрүү, кырсыктын алдын алуу, ыкчам куткаруу жумуштарын илгерите турган бардык шарттарды түзүү зарылчылыгын баса белгилеп, ага керектүү техникалар дагы сатып алынарын билдирди.

Ошондой эле райондун аймагында сел, суу ташкындарын алдын алуу максатында сел өтүүчү каналдын курулуш жумуштарын жеринен көрүп, анын сапатына өзгөчө көңүл буруу керектегин эскертти.

Министр К. Чыныбаев иш сапардын жүрүшүндө Каракол шаарында жайгашкан ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгына барып, өздүк курамдан кабар алды. Министр өз сөзүндө, эл ишенген кызматты аркалоодо ак ниет, таза жана жоопкерчилик менен мамиле кылууга ошол эле убакта кысым көрсөтүү, мыйзамсыз көрүнүштөрдү ачык айтууга чакырды. Мындан сырткары ал Каракол шаарындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампасынын шарттарын жакшыртуу тапшырмасын койду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу