Жаңылыктар
08.03.2025 09:10
Кароолор: 1605
МИНИСТР, ГЕНЕРАЛ-МАЙОР БООБЕК АЖИКЕЕВ АЙЫМДАРДЫ 8-МАРТ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ
Урматтуу айымдар!
Сиздерди КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жеке өзүмдүн атымдан 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм!
Сиздер жашоонун көркү, камкордуктун булагы, мээримдүүлүктү тартуулаган улуу күчсүздөр. Ар бириңиздер өзүнчө аалам, сүйүктүү жар, мээримдүү эне, камкор кыз-бала, ишенимдүү дос жана мыкты кесипкөйсүздөр.
Жашооңуздар ар дайым кубанычка, тынчтыкка жана берекеге толсун! Сиздерге чексиз бакыт, бекем ден-соолук, узун өмүр жана өз кесибиңиздерде бийик жетишкендиктерди каалайм!
Майрамыңыздар кут болсун!