Жаңылыктар
13.11.2024 12:14
Кароолор: 982
МИНИСТР ЭЛ АРАЛЫК ӨНӨКТӨШТҮК боюнча ЕВРОПА КОМИССИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
12-ноябрда Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясынын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Эл аралык өнөктөштүк боюнча Европа комиссиясынын директоратынын башкы директору Карла Монтеси айым менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө министр Бообек Ажикеев Карла Монтеси айымга маанилүү иш-чаранын аянтчасында жолугушууга мүмкүнчүлүк түзгөнү жана өзгөчө кырдаалдардан калкты жана аймактарды коргоо, туруктуу өнүгүүнү жогорулатуу үчүн климаттын өзгөрүүсүнө каршы чараларды кабыл алуу маселелери боюнча пикир алмашуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
Ушуга байланыштуу парник газдарын сиңирүүнүн эсебинен жана ошондой эле суу режимдерин жөнгө салууга, кыртыштын абалын жакшыртууга, экстремалдуу аба ырайынын шарттарынан коргоону камсыздоого мүмкүндүк берген туруктуу ландшафттарды калыптандыруунун эсебинен климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартууда токой өсүмдүктөрүнүн чечүүчү ролу белгиленди.
Бообек Ажикеев Монтеси айымга КР ӨКМдин милдеттери жана функциялары, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзүүдө жооптуу кызматтары жөнүндө маалымат берип, Токой кызматы 2024-жылдын башынан бери ӨКМдин курамына өткөндүгүн айтып берди.
Жолугушуунун алкагында белгиленген багыттар боюнча маӊыздуу пикир алмашуу болуп, Кыргыз Республикасы менен Европа комиссиясынын ортосундагы токойлорду калыбына келтирүү жана токой өстүрүү, көчөт отургузуу, кургакчылыкка жана тузга чыдамдуу дарактуу породалардын үрөнүн себүү, агро токой чарбасын өнүктүрүү жаатындагы өз ара пайдалуу кызматташуунун алкагында мүмкүн болуучу өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ӨКМ башчысы ар бир даракты каттоого алуу жана көзөмөлдөө менен токойлордун санарип картографиялык материалдарын түзүү боюнча пилоттук долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн кароо, ошондой эле өлкө аймактарындагы токойлорду калыбына келтирүү үчүн токой фондунун үрөндөрүнүн даярдыгына изилдөө жүргүзүү системасын жакшыртуу боюнча лабораторияларды эл аралык стандарттарга жооп бергендей ирилештирүү өтүнүчүн келтирди.
Өз кезегинде Монтеси айым кыргыз тараптын сунушун колдоп, айтылган бардык маселелерди иш жүзүнө ашыруу мүмкүнчүлгүн кароого даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында келечекте эки тарапка тең пайдалуу кызматташуунун мындан аркы кадамдары жөнүндө макулдашышты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР