Жаңылыктар

26.03.2026 10:48

   Кароолор: 9

МИНИСТР ЧУ ДАРЫЯСЫНЫН ЖЭЭКТЕРИНДЕГИ БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн таң эрте Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Чүй облусунун губернатору менен биргеликте Чу дарыясынын жээктериндеги эрозияга дуушар болгон тилекелерди жеринде көрдү.

Министр чегаралаш жайгашкан дарыянын Кыргызстан тарабындагы жээктерин көрүп чыккан соң, тиешелүү тармактарга бекемдөө иштерин күчөтүү тапшырмасын койду. Анын айтымында, жээктер бекемделсе айдоо талаалары корголуп, калктын жашоосуна зыян тийбей турганын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Сокулук районунун Төмөнкү-Чүй айыл аймагынан жана Аламүдүн районунун Сүймөнкул Чокморов айыл аймагынан агып өткөн Чу дарыясынын жээгиндеги кооптуу тилкелеринин эрозиясын токтотуу максатында жээктерди бекемдөө иши жүрүүдө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу