Жаңылыктар

19.08.2025 18:15

   Кароолор: 285

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВГЕ “ГЕНЕРАЛ-ЛЕЙТЕНАНТ” ЖОГОРКУ АСКЕРДИК НААМЫ ЫЙГАРЫЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров КР Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев Бообек Эргешевичке “генерал-лейтенант” жогорку аскердик наамын ыйгаруу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жалпы жамааты, куткаруучулар министрдин жогорку аскердик наамы менен куттуктап, мындан аркы кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалайт!

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу