Жаңылыктар

10.07.2025 17:02

   Кароолор: 284

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЖЕТЕКТЕГЕН ӨКМ ДЕЛЕГАТЫ ЭЛ АРАЛЫК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ ИШ-ЧАРАЛАРЫНА КАТЫШТЫ

Бүгүн, 10-июлда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев башында турган Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин делегаттары Азербайжан Республикасынын Баку шаарында өтүп жаткан ЭЖКУнун Аткаруу кеңешинин кезектеги 58-сессиясына жана ЭЖКУнун Башкы Ассамблеясынын кезексиз 3-сессиясына катышты.

Отурумдун жүрүшүндө Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун ишмердүүлүгүнүн финансылык, административдик жана укуктук маселелери талкууланып, Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун башкы катчысын шайлоо өтүп, жыйынтыгында Азербайжан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Аргужа Калантарлынын талапкерлиги шайланды.

Иш-чаранын алкагында КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев менен Россия Федерациясынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-полковник Александр Куренковдун жолугушуусу болуп, анда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатында эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

ЭЖКУнун алкагында кызматташтыкты ийгиликтүү өркүндөтүү, эл аралык кызматташтыктын үлгүлөрүн көрсөтүү жана жарандык коргонуу потенциалын чыңдоо максатында, кыргыз тарап бүтүндөй Борбордук Азия үчүн 4 миллиард рублга бааланган гуманитардык окуу борборун куруу боюнча долбоорду аймактык аянтча катары сунуштады жана аны Эл аралык жарандык коргонуу уюмунан Россия Федерациясынан ЭЖКУнун фондуна ыктыярдуу максаттуу салым аркылуу колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу өтүнүчү айтылды.

Өз кезегинде орус тарап бул демилгени кароого даяр экенин билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен Орусиянын калкынын коопсуздугун жана коргоосун чыңдоо боюнча жигердүү ишти улантуу боюнча макулдашууга жетишти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу