Жаңылыктар
15.05.2025 16:11
Кароолор: 404
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫРКАГАН АЙЫЛДАРДЫ КЫДЫРУУДА
Бүгүн, 15-майда Өзөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ш.Абдыраим уулу жана район жетекчилиги менен Ак-Талаа районундагы айылдардын жашоочуларынан жана турак-жайларынан кабар алууда.
Иш сапардын жүрүшүндө Тоголок-Молдо айыл аймагындагы Жаңы-Талап, Кара-Ой, Ак-Кыя айылдарында жер титирөөнүн кесепетинен жабыр тарткан турак-жайларды, социалдык имарттарды көрүп, жарандар менен жолугушту.
Мындагы жер титрөөдөн жабыркаган үйлөрдүн, имараттардын абалы менен таанышууда учурунда, тургундарга коопсуздук эрежелери жана курулуштардын абалы тууралуу кеңештерин берди.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын 12-майында Ак-Талаа районунда 4 жана 5,5 баллдык жер титирөө кайталанган. Алдын ала маалымат боюнча комиссия тарабынан 116 турак үй, 3 мектеп, 1 маданият үй, 1 бала-бакча, 1 китепкана жана 1 дүкөн техникалык абалына карата визуалдык кароолордон өткөрүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР