Жаңылыктар
01.09.2023 09:00
Кароолор: 614
Министр Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусундагы 500 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземине катышты
Бүгүн министр Бообек Ажикеев Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Көк-Алма айылындагы Рыскул Чойбеков атындагы жаңы салынган билим уясынын ачылыш аземине катышты. Министр өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан аталган мектептин окуучуларын, мугалимдерин жана ата-энелерди 1-сентябрь — Билим күнү менен куттуктады.
Өз сөзүндө министр: “Мамлекет башчысынын демилгеси менен быйыл республика боюнча жыл аягына чейин 100 мектептин курулушу аяктай турган болсо, бүгүн өлкө аймагында анын 42си окуучулар үчүн эшигин ачып отурат. Алардын катарын толуктаган сиздердин 500 орундуу 2 кабаттан турган жана бардык шарттары бар, жаркыраган билим уясын ачуу алдында турабыз”, – деп баса белгиледи. Ошону менен катар министр келечек ээлерин терең билим алууга чакыруу менен сергек жашоого үндөп, спорттук буюмдарды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атынан мектепке белек кылды.
Белгилей кетсек Рыскул Чойбеков атындагы №27 жалпы билим берүү орто мектеби 1970-1971 жылдары ишке киргизилген. Кийинчерээк балдардын саны көбөйгөндүгүнө байланыштуу кошумча эки корпусу курулган. Бирок кийин катуу жер титирөөдөн улам мектептин дубалынан жарака кетип, атайын комиссиянын чечими менен имарат коркунучтуу абалда деген жыйынтык чыгарган.
Ал эми жаңы мектептин курулуш иштери 2022-жылы башталып, бүгүнкү күнү толук аяктады. Жаңы курулган мектептин имараты окуучулар үчүн ынгайлуу келип жарык жана кенен класстар, китепкана, ашкана, спорт залы жана башка бардык шарттар түзүлгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР