Жаңылыктар
13.02.2025 22:00
Кароолор: 258
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЫСЫК-КӨЛДӨ МАНИЛҮҮ ИМАРАТТАРДЫ КЫДЫРДЫ
Ассалам алейкум достор!
Иш сапарымдын алкагында Ысык-Көл облусунда бир катар маанилүү объекттерди кыдырдым. Өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты, материалдык резервдерди жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган иштерди көзөмөлдөп чыктым.
ӨКМдин облустук башкармалыгынын жаңы имараты
1950-60-жылдары курулган эски имарат жараксыз абалга келген. Эми куткаруучуларыбыз үчүн бардык шарттары бар, заманбап, кең жана жылууланган жаңы имарат пайдаланууга берилди. Бул аймактын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү кадам.
///
Мамлекетке кайтарылган тегирмендер
Өткөн жылы эсиңиздерде болсо, 30 жыл ичинде иштен чыккан жана жеке тараптарга берилген үч тегирмен жөнүндө айтып өткөн элем. Бүгүн алар мамлекеттин карамагына кайтарылды. Каракол шаарындагы тегирмен ишин баштап, жогорку сапаттагы ун чыгара баштады.
Бүгүнкү күндө:
1000 тонна буудай тартылып, 732,9 тонна ун өндүрүлдү
Айына 420-500 тонна ун чыгаруу мүмкүнчүлүгү бар.
2024-жылдын сентябрь айынан 2025-жылдын январь айына чейин жалпы чыгымдар 1 211 129 сомду түздү.
Эгер бул көлөмдөгү буудайды башка тегирменге тарттырсак, 1 590 400 сом сарпталмак, кошумча реализацияга 44 500 сом кетмек.
///
Кызыл-Сууда дамба куруу: селден коргонуу иштери башталды
2020-жылы болгон селден кийин Кызыл-Суу айылынын жээгин бекемдөө зарылдыгы жаралган. Ошондой эле курулуш иштерине даярдык менен таанышып, тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды бердим.
2025-жылы 437 метрлик дамба курулат.
Габион сеткалары менен 4 тилке бекемделет.
79 турак жай толугу менен селден жана суу ташкындарынан корголот.
Долбоордун жалпы баасы 36 млн сом.
2020-жылы ушул аймакта суу деңгээли көтөрүлүп, бир нече үйдү каптаган. Буга чейин 887 метр узундуктагы 10 тилкеде бекемдөө иштери жүргүзүлгөн. Биз бул ишти улантып, айыл тургундарынын коопсуздугун камсыздайбыз.