Жаңылыктар
09.01.2024 13:34
Кароолор: 396
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ТОКОЙ КЫЗМАТЫНЫН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кечээ, 8-январда Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев жана министрликтин жетекчилик курамы Токой кызматынын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Министрликтин башчысы ӨКМдин курамына өтө турган кызматтын токой экочөйрөсүн туруктуу өнүктүрүүнү, мамлекеттик токой чарбасын сарамжалдуу жүргүзүүнү, биотүрдүүлүктү эсепке алууну биргеликте ишке ашыруу пландарын айтты.
Ошондой эле ал Токой кызматынын бул жылга койгон максаттарын жана тармактагы көйгөйлөрүн угуп, сунуштарды иштеп чыгууну, бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу оюн билдирди.
Учурда Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын декабрь айында чыгарылган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде Токой кызматын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин курамына өткөрүү иштери жүрүүдө.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР