Жаңылыктар

11.06.2025 17:08

   Кароолор: 291

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ШВЕЙЦАРИЯ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ДИПЛОМАТИЯЛЫК МИССИЯСЫ АЯКТАГАНДЫГЫНА БАЙЛАНЫШТУУ ЖОЛУКТУ

Бүгүн, 11-июнда өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Швейцариянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу Элчиси Оливье Бангертер мырзаны дипломатиялык миссиясы аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушууда КР ӨКМ жетекчиси Швейцария элчисинин Кыргызстанда өз миссиясын аткаруу мезгилинде кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана алдын алуу иштерине көрсөткөн жардамдарын жогору баалап, табигый-техногендик апааттардын тобокелдигин азайтууга кошкон салымына ыраазычылык билдирди. Муну менен катар министр Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатындагы ар тараптуу кызматташтык дайыма чыңдалып турарына ишеничин билдирип, эки өлкө аралык мамилелерди жана өз ара кызыкчылыкты ийгиликтүү улантуунун маанисин белгиледи.

Өз кезегинде элчи Оливье Бангертер мырза анын дипломатиялык миссиясын ишке ашырууга ар дайым колдоп келгендиги үчүн кыргыз тараптка ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуунун акырында табигый кырсыктардын тобокелин азайтууга жигердүү кызматташып, баа жеткис салым кошкону үчүн министр Бообек Ажыкеев Швейцария элчисине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин «Аскердик-жарандык кызматташтыкты чыңдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн» медалы менен сыйлады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу