Жаңылыктар

10.04.2025 16:39

   Кароолор: 683

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ “РОСАТОМ” МАМЛЕКЕТТИК КОРПОРАЦИЯСЫНЫН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин борбордук аппаратында министр, генерал-майор Бообек Ажикеев “Росатом” атомдук энергия боюнча мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Николай Спасский менен жолугушту.

Жолугушуу иш-чарасынын жүрүшүндө тараптар “Уран казып алуудан жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо” жөнүндө өлкөлөр аралык максаттуу программасын аяктоо боюнча негизги маселелерди, ошондой эле уран казып алуу жана кен казуу иштеринин кесепеттеринен жабыркаган аймактарды реабилитациялоо боюнча КР Министрлер Кабинети менен Россия Федерациясынын өкмөтү ортосунда кызматташуу тууралуу Сочи шаарында 2024-жылдын 26-мартында кол коюлган Макулдашууну ишке ашырууну талкуулашты.

Өз кезегинде «Росатомдун» өкүлдөрү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилигине Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш айылында уран калдыктары жайгашкан объектилердеги иштердин жүрүшү тууралуу маалымат беришти.

Долбоордун жыйынтыктоосу үстүбүздөгү жылдын август айына күтүлүүдө жана аны Миң-Куш айылында салтанаттуу иш-чара, анын ичинде тоо-кен тармагынын тарыхына жана эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгына арналган мемориалдык стелланын ачылышы менен коштоо пландалууда.

Мындан тышкары беш: Кажы-Сай, Кызыл-Жар №12, Кара-Таш (Тоо-Моюн), Сумсар и Кан калктуу конуштарын реабилитациялоо этаптары талкуулашты.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу