Жаңылыктар

25.09.2024 12:05

   Кароолор: 1602

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ОШ ОБЛУСУНДАГЫ ТОКОЙ ЧАРБАЛАРЫНА БАРДЫ

КР Өзгөчө кырдаалдар министри генерал-майор Б.Ажикеев Ош облусуна болгон иш сапарында облустагы токой чарбаларына барып, токой системасын жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттер менен таанышты.

Министр токой чарбаларындагы иштердин жүрүшүн текшерип, бак-дарактардын санын көбөйтүү жана жашылдандыруу иштерин активдештирүү тапшырмасын тийиштүү жетекчилерге берди.

Ошондой эле дарыялардын эрозиясы менен жабыркаган токой аянттарын сактап калуу, калыбына келтирүү иштерин күчөтүү боюнча конкреттүү сунуштарды киргизди.

Б.Ажикеев токойчуларды, экологдорду жана биологдорду кеңири тартууну сунуштап, токой экосистемасын калыбына келтирүү, биоартүрдүүлүктү сактоо жана жер кыртышын эрозиядан коргоо чараларын күчөтүү зарылдыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары токойчулардын кесиптик майрамына карата министрлик тарабынан кызматкерлерге бир айлык эмгек акыларына кошумча төлөмдөр бөлүнүп, которулду.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу