Жаңылыктар

10.06.2025 23:47

   Кароолор: 276

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ КЫТАЙЛЫК МЕДИАКОРПОРАЦИЯГА МАЕК БЕРДИ

Бүгүн, 10-июнда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кытайлык медиакорпорациянын (СMG) журналисттерине кенен маек курду. Баарлашууда көбүнчө өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу жаатындагы кыргыз-кытай кызматташтыгы тууралуу сөз болду.

Маектин жүрүшүндө министр калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо багытында эки өлкө ортосунда аткарылып жаткан иштерге, аны менен катар Шанхай Кызматташтык Уюму (ШКУ) алкагында өз ара аракеттенүүлөр жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары Бообек Ажикеев Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгү, ошондой эле Кытайдан кыргыз тарапка 2023-жылы берилген мобилдүү госпиталдарды пайдалануу тууралуу айтып берди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу