Жаңылыктар

30.08.2024 14:56

   Кароолор: 362

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ КЫРГЫЗГИДРОМЕТ КЫЗМАТЫНЫН “ЧОҢ-КЕМИН КУЙМАСЫ” ГИДРОЛОГИЯЛЫК ПОСТУНАН КАБАР АЛДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн, 30-августта Чүй облусунун Кемин районунда жайгашкан Кыргызгидромет кызматына тиешелүү гидропосттун абалы менен жеринде таанышып, анын иштөө мүмкүнчүлүгүн арттырууга кеңири токтолду.

Ошондой эле ал калкка алдын ала бериле турган аба ырайынын божомолун жакшыртууну жогорулатуу сунушун айтып өттү. Министрдин айтымында, Кыргызгидромет кызматынын берген маалыматы аркылуу алдыдагы табигый кырсыктардын адын алууга, адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

ӨКМге караштуу Кыргызгидромет кызматынын директорунун орун басары Данияр Төлөгөнов 1928-жылы курулуп, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткан “Чоң-Кемин куймасы” гидрологиялык посту тууралуу кеңири маалымат берди.

“Чоң-Кемин куймасы” гидрологиялык постто бүгүнкү күндө адистер тарабынан жылдын ар мезгилинде кардын, метеорологиялык кубулушу тууралуу маалыматтарды алып, гидрологиялык байкоолор жүргүзүлөт.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу