Жаңылыктар
27.02.2025 11:55
Кароолор: 399
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ КОРЕЯНЫН ЭКСПОРТТУК-ИМПОРТТУК БАНКЫНЫН ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН БАШЧЫСЫН КАБЫЛ АЛДЫ
Бүгүн, 27-февралда Өзгөчө кырдалдаар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин Кореянын Ташкенттеги Экспорттук-импорттук банкынын өкүлчүлүгүнүн башчысы Канг Санжин мырза менен жолугушту.
Анда тараптар ар кандай негизги маселелерди талкуулашты, өзгөчө табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтуу, калкты жана аймактарды кризисттик кырдаалдардан коргоо, мүмкүн болгон өзгөчө кырдаалдарга өз учурунда таасир этүүгө даярдык көрүү жаатында кызматташууну өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Ошондой эле табигый, техногендик кырсыктардын алдын алуу жана жоюу боюнча демилгелерди жана биргелешкен жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн карашты.
Өз кезегинде Канг Санжин мырза министр Бообек Ажикеевге жылуу кабыл алгандыгына ыраазычылык билдирип, тыгыз кызматташтыктагы мамилени улантууга даярдыгын билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар келечектеги өз ара мамилелерди өнүктүрүүгө багытталган кийинки кадамдарын ийгиликтүү улантууга тилектештигин билдиришти.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР