Жаңылыктар

05.10.2023 19:25

   Кароолор: 867

Министр Бообек Ажикеев: “Келечек сиздердики! Эки тилди билип, кесипке ээ болдуңуздар”

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ: “КЕЛЕЧЕК СИЗДЕРДИКИ! ЭКИ ТИЛДИ БИЛИП, КЕСИПКЕ ЭЭ БОЛДУҢУЗДАР”

 

Бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда “5-октябрь – Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында өткөрүлгөн “Жаш куткаруучулар” сынагынын жеңүүчүлөрүнө жана аталган борбордун куткаруучуларына атайын кесиптик диплом, сертификат жана сыйлыктарды тапшыруу салтанаты өттү.

Салтанаттын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев катардагы өздүк курам жана болочоктогу жоокерлер менен учурашкан соң “Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнүн” алкагында өтүп жаткан иш-чараларга, эл аралык конкурсктарга катышып, алдыңкы орундарды багындырган куткаруучуларды куттуктап, ӨКМде алгылыктуу жүрүп жаткан иштерге кеңири токтолду.

“Беларусь, Казакстан өлкөлөрүндө өткөн эл аралык машыгууларга катышып, кыргыз куткаруучуларынын желегин жогору желбиретип, кесипкөйлүк менен байгелүү орундарды багындырышты. Ал эми жыл башында түрк элинде өткөн оор күндөрдө биздин куткаруучуларыбыз мыкты даярдыгы менен өзгөчөлөнүштү. Уранды алдында тирүү калган 8 адамды, ал эми каза болуп калгандарын туугандарына чыгарып беришти. Куткаруучуларыбыздын бул эрдигин Өлкө башчысы баалап, сыйлыгын тапшырган”, - деген министр куткаруучуларды саптык даярдыкка келтирүүдө жасалып жаткан иш-аракеттерге кеңири токтолду.

Анын айтымында, катардагы жоокерлерден тарта өздүк курамдын да билим жана дене тарбиялык деңгээлин жогорулатуу аракеттери көрүлүүдө.

“Эгемендүү өлкө болгону күч түзүмдөрүнүн арасында биринчи жолу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунда катардагы жоокерлерге эки тилди бекер жана бирдей үйрөнүүгө шарт түздүк. Кызмат өтөөгө келген балдарыбыздын бир жылы текке кетпей, бир кесиптин ээси болуп чыгышат. Демек, бул жактан чыккан жоокерлерибизди ширетүүчү, электрик, үй эмеректерин жасоочу кесипкөй адис катары тааный алабыз. Бул биздин аракеттердин алгачкы үзүрү”, -деген министр Бообек Ажикеев өз кубанычын жашыра алган жок.

Ал жаштардын келечегине жол ачып, тилди үйрөнүүгө кызыгууларын арттыруу жогорку окуу жайларынан билим алууга, кесиптерин мындан ары да жогорулатууга салым кошорун айтып өттү.

Кесипке ээ болгон жоокерлерге алгачкы кесибинин жана тил үйрөнүү диплом-сертификаттары, эл аралык сынактарда жеңишке жетишкен куткаруучуларга жана бүгүн өткөрүлгөн “Жаш куткаруучулардын” республикалык сынагында жеңген командаларга кубоктор жана катышкан бардык окуучуларга кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды.

Атай кетсек, I орунду Талас облусунан, II орунду Ош шаарынан, III орунду Нарын облусунан келген жаш куткаруучулар алышты.

Иш-чарада өздүк курам жана катардагы жоокерлер өздөрүнүн чеберчиликтерин катышуучуларга тартуулап, эки тилде куттуктоолорун билдиришип, алардын колунан жаралган үй буюмдары көрсөтүлдү.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу