Жаңылыктар

01.10.2024 14:20

   Кароолор: 961

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ФРАНЦИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев бүгүн, 1-октябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Николя Фай мырзаны кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз - француз кызматташтыгынын келечек мамилелерин өнүктүрүү, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюунун тегерегиндеги маселелерди талкуулашты.

Мындан тышкары Кыргызстанда тоо куткаруу иштерин жүргүзүүдө тик учак учкучтарын кесипкөйлүккө даярдоо жана ӨКМдин өрт өчүрүү-куткаруу кызматтарына адистерди тартуунун келечеги тууралуу маселелерге токтолушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бири бирине ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосунда тармактык кызматташтыкты мында ары чыңдоо ниеттерин белгилешти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу