Жаңылыктар

14.10.2025 12:25

   Кароолор: 58

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ФРАНЦИЯНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-лейтенант Бообек Ажикеев 13-октябрда Франциянын Кыргызстандагы Атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Николя Фай мырза менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Франциянын өзгөчө кырдаалдар мекемелери ортосунда табигый кырсыктардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жана жарандык коргонуу жаатында тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Министр кыргыз тарап өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кызматташтыкты бекемдөөгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи.

Тараптар ошондой эле практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн келечектеги иш-чараларды өткөрүү мүмкүнчүлүгүн карашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар конструктивдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүктү өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу