Жаңылыктар
14.11.2024 14:28
Кароолор: 1104
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ФАОнун ЕВРОПА жана БОРБОР АЗИЯДАГЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
Азербайжандын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун COP-29 жыйынынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) башкы директорунун орун басары, ФАОнун Европа жана Борбор Азиядагы өкүлү Виорел Гуцу мырза менен жолугушуусу өттү.
Анда климаттын өзгөрүшү, өзгөчө кырдаалдарды башкаруу, айыл аймактарды туруктуу өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга байланышкан негизги маселелерди талкуулашты.
Тараптар климаттын өзгөрүү шартында Кыргызстанда мөңгүлөрдүн абалын жана динамикасын системалуу көзөмөлдөөгө, эффективдүү байкоо жүргүзүүгө жана тобокелдиктерди жоюуга өбөлгө болчу мөңгүлөрдүн улуттук маалымат базасын түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурушту.
Министр Бообек Ажикеев БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен Кыргызстандын ортосундагы климаттык жана табигый коркунучтарга таасир этүү боюнча өнөктөштүк мамилелердин маанисин белгилеп, жердин деградациялануу тобокелдигин азайтуу, жер кыртышын турукташтыруу жана биоартүрдүүлүктү өнүктүрүү максатында жаратылыш экосистемаларын маанилүү компоненти катары токойлорду калыбына келтирүү жана сактоого багытталган токой чарба тармагындагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жүргүзүлгөн иштерди канааттануу менен белгилеп кетти.
Виорел Гуцу мырза өз кезегинде Кыргызстандын айыл чарбасынын туруктуулугун жогорулатуу жана тобокелдиктерди башкаруу жөндөмүн өнүктүрүү жаатында ФАОнун колдоо аракеттерин ырастады.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кыргыз элинин жыргалчылыгы жана коопсуздугу, туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга багытталган эки тараптуу долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташтыкты мындар ары да улантууга кызыкдар экенин белгилеп өтүштү.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР