Жаңылыктар
05.03.2024 12:35
Кароолор: 931
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН АТКАРУУЧУ ДИРЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ
3-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банктын Аткаруучу директорлору менен жолугушту.
Жолугушуу министрликтин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун имаратында өтүп, тараптардын буга чейинки жетишилген макулдашууларынын негизинде ишке ашкан долбоорлордун үзүрлүү жетишкендиктери көрсөтүлдү.
Маселен буга чейин Дүйнөлүк банктын калдоосу менен өлкөдө табигый кырсыктардын алдын алууда, кесепеттерин жоюуда жана өзгөчө кырдаал учурунда калкка кабар жеткирүү системасын жакшыртууда техникалык жабдуулар менен камсыздалган. Бул аракеттер министрликтин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, кырсыктардын санын азайтууда, калкка ыкчам жардам көрсөтүүдө натыйжалуу шарт түзүп берип отурат.
Атап айтсак, 23 автоматтык метеостанция орнотулуп, 20 мануалдык гидропост жаныланган. Бул ӨКМдин кыргызгидромет кызматынын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында кризистик кырдаалдарды пландаштыруу үчүн маанилүү болгон аба ырайынын божомолунун сапатын жана тактыгын бир топ жакшыртты. Ошондой эле көчмө гидрологиялык жана гидрохимиялык лабораториялар менен камсыздалган.
Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кырсык катталган аймакта абалды ыкчам башкаруусуна, аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүүлөрдү, кризистик учурларда калкка кабарлоо системасынын жеткиликтүүлүгүн жогоралатууга компьютер, камера, дрондор сатылып алынып, программалар киргизилген.
Өлкөдөгү жер көчкү жана сел жүрүүчү аймактарда адистердин байкоо жана көзөмөл жүргүзүү ишине кубаттуу дрондор, GNSS аппараттары алынган.
Өз кезегинде банктын өкүлдөрү долбоорлордун кеңири жана деталдуу презентациясы үчүн ыраазычылык билдирип, кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин белгилешти.
Өз сөзүндө министр дүйнөдөгү климатка байланыштуу өзгөрүүлөргө туруштук берүү максатында, ишке ашып жаткан буга окшогон долбоорлорго Дүйнөлүк банкка көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул каржы институту Кыргызстан 30 жылдан бери приоритеттүү тармактарда ийгиликтүү кызматташып келе жаткан алдыңкы өнөктөштөрдүн бири экенин белгиледи.
Буга катар эле тараптар Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы өнөктөштүктүн артыкчылыктуу багыттары катары жана жакынкы жылдардагы кызматташуунун келечеги, атап айтканда суунун тартыштыгы, мөңгүлөрдүн ээриши, жаратылыштын тең салмактуулугун кармап, таза абанын булагы болгон токой аянттарын кеңейтүү жана өзгөчө кырдаал учурунда комплекстүү башкарууга ылайыкталган Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун жаңы имаратын куруу багытында сөз кылышты.
Дүйнөлүк банктын аткаруучу директору Доминик Фавр Кыргызстан менен анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу багытында кызматташуу жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилеп, бул араккеттер өлкөнүн экономикасын, калктын социалдык абалын жакшыртууда жакшы натыйжаларды берип жатканын белгиледи.
Жолугушуунун соңунда тараптар климаттык өзгөрүүлөргө байланыштуу чакырыктарды колдоп, кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүнүн кеңири багыттарын аныкташты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР