Жаңылыктар
23.06.2025 17:00
Кароолор: 257
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЧУКУЛ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Нарын шаарында кечээ, 22-июнда болгон сел кырсыгына байланыштуу шашылыш жыйын өткөрүп, абалды тез арада жөнгө салуу тапшырмасын койду.
Министр жыйында сел сууларынан жабыркаган турак үйлөрдү, короо-жайларды жана ички чарбалык жолдорду аныктап, тезинен калыбына келтирүү, сел калдыктарынан тазалоо иштерин ылдамдатууну талап кылды. Ошондой эле топтолгон сууларды сордуруу, шагыл таштарды чыгаруу үчүн керек болгон инженердик техникаларды даярдыкта уюштурууну буйруду.
Ага ылайык, бүгүн министрдин орун басары Эделбек Кулматов бүгүн жеринде абал менен таанышып, жергиликтүү элдин арыз-кайрылууларын угууда. Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү алдында атайы комиссия түзүлүп, жабыр тарткан тургундар такталып, тиешелүү кеп-кеңештер берилүүдө.
Алдын ала маалыматка ылайык, 45 турак үйдүн короо-жайын каптап, 2 турак жайдын ичине кыян суулары кирген. Алардын ичинен 14 турак жай мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан камсыздандырылган.
Кошумчалай кетсек, селдин кесепеттерин жоюу үчүн ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси баш болуп, жалпы 30 куткаруучу иш алып барууда. Жарандык икоргонуу комиссиясы тарабынан селден жабыркаган турак жайлардын санын тактоо улантылат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР