Жаңылыктар
17.10.2024 12:23
Кароолор: 690
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ ЧАТКАЛДАГЫ ИЗДӨӨ-КУТКАРУУ ИШТЕРИН ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛҮНӨ АЛДЫ
Жарандарды издөө иштерин Өзгөчө кырдаал министри, генерал-майор Б.Ажикеев өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү жетекчилерге тапшымасын берди.
Бүгүн, 17-октябрда алдын ала маалымат боюнча кар көчкүдө калган 6 жаранды издөөгө ӨКМДин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары, подполковник Т.Мурашовдун жетекчилигинде Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 1, Чаткал райондук өзгөчө кырдаал бөлүмүнөн 1 куткаруу тобу тартылып, жалпысынан 20 куткаруучудан турган топ издеп-куткаруу иштерин жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, алдын ала маалымат боюнча 9-октябрь күнү Каныш-Кыя айылынын 13 тургуну, 1 кытайлык жаран тоого өсүмдүк тамырын тергени чыгышып, байланышка чыкпай дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 16-октябрь күнү билдирүү түшкөн.
Чаткал райондук Өзөчө кырдаалдар бөлүмү жергиликтүү тургундар менен биргеликте издөө иштеринин натыйжасында 16-октябрь күнү дайынсыз болгон 2 жаран Коргон-Сай айылына жакын жерден, 6 жаран Кум-Бел ашуусунан ашканда аман-эсен табылган.
Табылган жарандардын билдирүүсүндө,14-октябрь күнү болжол менен саат 18:00 чамасында калган 6 жаранды Ак-Сай ашуусунда кар көчкү басып калгандыгы айтылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР