Жаңылыктар

28.02.2024 09:38

   Кароолор: 869

МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ БУУ СИСТЕМАСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ТУРУКТУУ КООРДИНАТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Кечээ, 27-февралда КР Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев менен БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравенин жолугушуусу өттү. Ага Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Токой кызматынын өкүлдөрү жана БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлдөрү да катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар маанилүү жана актуалдуу экологиялык көйгөйлөрдү, климаттын өзгөрүүсүн, ошондой эле жашыл инвестицияларды тартуу аркылуу калктын экологиялык көйгөйлөрүн чечүү жолдорун талкуулашты.

Өз сөзүндө министр Бообек Ажикеев Антье Гравеге Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин чечүүдө гана эмес ошондой эле токойлорду жана жайыттарды калыбына келтирүү көйгөйлөрүн чечүүдөгү кызматташтыгы жана туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жашыл климат фондунун (ЖКФ) «Кыргызстандын токойлоруна жана жайыт жерлерине климаттык инвестициялоо аркылуу көмүртектин секвестри» долбоору боюнча презентацияланып, анын өбөлгөлөрү жана сунушталган кийинки кадамдары көрсөтүлдү.

Атап айтканда, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого, кыртыштын калыбына келтирилишине, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоого жана суу менен камсыздоо тутумун башкарууга багытталган жеке долбоорлор аркылуу Кыргыз Республикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү негизги эл аралык уюмдардын бири катары Жашыл климат фондунун ролу баса белгиленди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүү үчүн биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу