Жаңылыктар
18.10.2023 15:32
Кароолор: 851
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ АЗЕРБАЙЖАНДЫК КЕСИПТЕШИ МЕНЕН ТАР ЧӨЙРӨДӨ ЖОЛУГУШТУ
Азербайжан мамлекетинин Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-полковник Кямалледдин Гейдаров да учурда Кыргызстанда өтүп жаткан Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясына катышууда.
ЭЖКУнун кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө министр, генерал-майор Бообек Ажикеев генерал-полковник Кямалледдин Гейдаров баш болгон бир катар кесиптештери менен жолугушуу өткөрдү.
Тар чөйрөдөгү жолугушууда эки тарап өзгөчө кырдаалдар жаатындагы тыгыз кызматташтыктын жемиштүү жана алдыга коюлган максаттуу багыттарын аныктап, мындан аркы эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтүү өнүгүүсүн талкуулашты.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР