Жаңылыктар
27.11.2023 13:46
Кароолор: 827
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ АЛЕКСАНДР КУРЕНКОВ МЕНЕН ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ СҮЙЛӨШҮШТҮ
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Палестинанын Газа тилкесинин жабырлануучуларына гуманитардык жардам көрсөтүлөт.
Мындан улам Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев кесиптеши Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министри, генерал-лейтенант Александр Куренков менен телефон аркылуу гумантардык жардам көрсөтүү тууралуу сүйлөшүштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Палестина мамлекетинин учурдагы абалы, жарандарды эвакуациялоо иштеринин жүрүшүн талкуулап, эки өлкөнүн министрликтери жабыр тарткан өлкөгө биргеликте гуманитардык жардам көрсөтүү тууралуу макулдашышты.
КР Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Газа тилкесиндеги кыргызстандык эки жаранды эвакуациялашкандыгы үчүн россиялык куткаруучуларга өз ыраазычылыгын билдирди.
Мындан тышкары эки тараптуу кызматташууну бекемдөөнүн, аны ийгиликтүү өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу багыттары талкууланды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР