Жаңылыктар
17.01.2024 13:19
Кароолор: 878
МИНИСТР БООБЕК АЖИКЕЕВ АЛАМҮДҮН КАПЧЫГАЙЫНДАГЫ ИЗДӨӨ ИШИНЕН КАБАР АЛДЫ
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Аламүдүн капчыгайындагы дайынсыз жоголгон жаранды издөө ишинин жүрүшүнөн жеринен кабар алды.
Министр куткаруучуларды издөөдө конкреттүү пландын негизинде иш алып барып, керектүү издөө каражаттарды жана техникаларды тартуу зарылдыгын эскертти. Ал ошондой эле 18-январь күнү улана турган издөө ишине куткаруучулардын санын көбөйтүү тапшырмасын койду.
Мындан сырткары куткаруучуларды тамак-аш менен камсыздап, ден-соолугунун абалын да көзөмөлгө алуу керектигин айтты.
Учурда саат 18:30да караңгы киргенине байланыштуу издөө иши убактылуу токтоду. Куткаруучулар жеринде түнөккө калып, эртең таң эрте издөө иши уланат.
Белгилей кетсек, 2023-жылы 14-январь күнү Чүй облусунун Аламүдүн капчыгайында (Тёплые ключи) 1996-жылы туулган М.М.уулу дайынсыз жоголгон. Аны издөөгө бүгүн жалпы 262 адам, 15 техника жана 10 дрон тартылган.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР