Жаңылыктар

16.05.2025 15:45

   Кароолор: 168

МИНИСТР Б.АЖИКЕЕВ КЫСЫМ ЖАНА МАЗАКТОО ФАКТЫЛАРЫ БОЮНЧА КҮНӨӨЛҮҮЛӨРДҮ ЖАЗАЛАДЫ

Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун аскер кызматкерлерине мыйзам негизинде жоопкерчилик чараларын көрдү.

ӨКМ башчысынын тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тартиптик уставына туура келбеген аракеттерди жасоо – мөөнөттөгү жоокерлерге кысым көрсөтүү иштерине коммиссия түзүлүп, кошумча иликтөөлөр жүргүзүлдү.

Натыйжада өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбагандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жана тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн:

- 86123 аскердик бөлүк – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы жана жоокерлерге кысым көрсөткөн эки аскер кызматкери аскердик кызматтан запаска бошотулду.

- Өз кызматтык милдеттерин толук кандуу алып бара албагандыгы, өздүк курам менен талаптагыдай деңгээлде иш жүргүзбөгөндүгү үчүн, төмөндөгү аскер кызматкерлер кызмат ордунан төмөндөтүлдү;

- Аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары-штаб башчысы;

- КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуундун командири;

- КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары.

Мындан сырткары мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген аскер бөлүктүн он алты офицер, прапорщиктерине Куралдуу күчтөрүнүн тартип уставынын 74-беренесинин “б” пунктуна ылайык “катту сөгүш” тартиптик жазасы жарыяланды.

Ошондой эле жоокерлерге кысым көрсөткөн аскер кызматкери учурда КР Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 11-майда аскердик бөлүктөгү жоокерлерге байланышкан видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин, министр генерал-майор Б.Ажикеев жана биринчи орун басары А.Мамбетов менен аталган аскердик бөлүккө барып, кырдаалды жеринен баалап, тартиптик чара көрүлөрүн билдиришкен.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу