Жаңылыктар

12.09.2024 19:24

   Кароолор: 683

МИНИСТР Б.АЖИКЕЕВ КОРЕЯ ЭЛЧИСИ КИМ КВАНДЖЭ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 12-сентябрда ӨКМдин борбордук аппаратында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев менен Корея Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Ким Кванджэ менен жолугушту.

Тараптар өзгөчө кырдаалдардын алдын алууну, жоюуну, калкты жана аймакты коргоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө ӨКМ министри Элчи Ким Кванджэни август айында жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, табигый жана өрт кырсыктарынын алдын алуу боюнча алдыдагы колдоосуна ыраазычылык билдирип, кандай учур болбосун жардам берүүгө жана мындан ары да кызматташууну улантууга даяр экенин белгиледи.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Бообек Ажикеев климаттын өзгөрүүсү дүйнө коомчулугуна, анын ичинде Кыргызстанга да таасир этип жатканын айтып өттү.

Жолугушууда калкты жана аймакты табигый-техногендик кырсыктардан коргоо маселеси жана эки тараптын кызыкчылыгындагы долбоорлорду жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Өз кезегинде Ким Кванджэ министрдин жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Мындан тышкары, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюудагы көйгөйлөрдү жолго коюу тууралуу ойлорун ортого салышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Ажикеев мындан аркы кызматташуунун келечегине ишеним арттарын кошумчалады.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу