Жаңылыктар

20.09.2024 18:53

   Кароолор: 999

МИНИСТР Б.АЖИКЕЕВ ЕВРОПА БИРИМДИГИНИН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

Кечээ, 19-сентябрда КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчиси Мерилин Йосефсон баштаган делегацияны кабыл алды.

Жолугушуунун максаты – Кыргыз Республикасындагы уран калдыктары жайгашкан объектилерди, анын ичинде Майлуу-Суудагы рекультивациялоо боюнча учурдагы иштердин макамын талкуулашты.

Анын жүрүшүндө Б.Ажикеев Евробиримдиктин радиациялык коопсуздук тармагында, ошондой эле айттырбай келген табигый жана техногендик кырсыктардын коркунучтарын азайтуу боюнча көп жылдан берки жигерүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосундагы кызматташуу маселелери талкууланып, Майлуу-Суу шаарындагы уран комплексин рекультивациялоо жаатындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.

Европа Биримдигинин элчиси Мэрилин Йосефсон менен баарлашууда Кыргызстандагы уран калдыктары көмүлгөн жайларга байланышкан аймактык тобокелдиктер жана башка өлкөлөрдүн региондорунда, Борбордук Азия чөлкөмүнүн суу бассейнинин негизин түзгөн дарыяларга жакын жайгашкандыгы белгиленди.

Мындан сырткары жолугушууда Айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү эсебине (СЭР) каржылык колдоо көрсөтүп жатканы жана Донорлор Ассамблеясынын негизги мүчөсү болуу чечими үчүн Европалык комиссияга ыраазычылык билдирди.

Мэрилин Йосефсон ӨКМ кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге канааттанарын жана мындан аркы иштердин улантылышына Евро Биримдик даяр экенин кошумчалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар бири бирине ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоого даяр экендигин белгилешти.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу