Жаңылыктар
02.10.2026 23:43
Кароолор: 6
МИНИСТР БАТКЕН ОБЛУСУНДА ӨКМ ОБЪЕКТИЛЕРИНИН КУРУЛУШ ИШТЕРИНИН ЖҮРҮШҮ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Баткен облусундагы селден коргоочу курулмалардын, көпүрөлөрдүн жана ӨКМ объектилеринин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Иш сапардын алкагында министр алгач Кызыл-Кыя шаарындагы объектилерди кыдырды.
Жал-Сай сел өткөрүүчү сайында жүрүп жаткан капиталдык курулуш иштери текшерилип, узундугу 564 метр болгон сай жээгиндеги коргоочу тосмонун курулушу толугу менен аяктаганы белгилүү болду. Учурда объектте акыркы иштер аткарылууда.
Ошондой эле 1570 метрлик Курук-Сай тилкесинин абалы каралып, шаар жетекчилиги тарабынан сунушталган долбоордук-сметалык документтер талкууланды. Министр сел коркунучунун алдын алуу иштерин этап-этабы менен жүргүзүү боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
Андан соң Кадамжай районунун Молдо Нияз айыл аймагындагы Алга айылында “Баткен КМО” ишканасы тарабынан курулуп жаткан жаңы көпүрөнүн абалы менен таанышты. Учурда көпүрөнүн курулушу жыйынтыкталып, жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда. Жергиликтүү тургундар жаңы көпүрөнүн курулуп жатканына ыраазычылыгын билдиришти.
Министр Кыргыз-Кыштак айылындагы №107 Кыргыз-Кыштак өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө бөлүнгөн 0,50 гектар жер тилкесин да көрүп чыкты. Жаңы имарат куруу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо, долбоорлоо жана курулуш иштерин жергиликтүү бийлик менен биргеликте уюштуруу боюнча макулдашылды.
Ак-Турпак айыл аймагынын Чоң-Кара айылында Кожо-Ашкан дарыясынын жээгин бекемдөө маселеси жеринде каралды. Объекттин сметалык долбоорун жаңылоо жана келерки жылдын иш-планына киргизүү боюнча тапшырма берилип, жээкти бекемдөө иштерин жүргүзүү белгиленди.
Мындан тышкары, Лейлек районунун Тогуз-Булак айылындагы жаңы курулган бала бакчанын имаратын сел коркунучунан коргоо маселеси каралды. Сел тосмонун долбоорун кайра иштеп чыгуу жана жеринде кошумча изилдөө иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында сел каналын куруу иштери текшерилип, тиешелүү тапшырмаларды ыкчам жана сапаттуу аткаруу, ошондой эле курулуш иштерин тездетүү талабы коюлду.
Иш сапардын соңунда министр Баткен шаарында курулуп жаткан куткаруучуларга арналган көп тармактуу спорт залдын абалы менен таанышты. Учурда курулуш иштери дээрлик аяктап, объектти жакынкы күндөрү пайдаланууга берүү пландалууда.
Министр бардык объектилер боюнча берилген тапшырмалардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылууну тиешелүү жетекчилерге тапшырды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ