Жаңылыктар

13.11.2024 15:21

   Кароолор: 731

МИНИСТР БАКУ ШААРЫНДА ФИН МЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК ИНСТИТУТУНУН ЖЕТЕКЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Азербайжандын Баку шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүүсү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 29-конференциясы (COP29) өтүп жатат.

Анын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев «ФИНКМЕТ» Фин метеорологиялык институтунун жетекчиси Харри Пиетарила мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин башкаруу жана климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга байланышкан негизги маселелерди талкуулашты.

Тараптар гидрометеорлогия системаларын жакшырТуу, адистерди даярдоо, азыркы «ФИНКМЕТ» долбоорун улантуу жана биргелешкен башка долбоорлорду ишке ашырууга багытталган маселелерге өзгөчө маани беришти.

Ошондой эле метеорологиялык божомолдоонун эффективдүүлүгүн арттырууга жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты жогорулатууга шарт түзгөн SmartAlert программалык камсыздоону жаңылоо жана аны жайылтууну талкууга алышты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө ӨКМ башчысы метеорологиялык болжолдоонун тактыгын жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыктарды жогорулатуу үчүн «ФИНКМЕТ» долбоорунун ролу чоң экенин билдирди. Анын айтымында, финдик өнөктөштөр менен болгон кызматташтык метеорология тармагындагы жаңы технологияларды өздөштүрүүгө жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзөт.

Өз кезегинде Харри Пиетарила мырза мындан ары да кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгилеп, «ФИНКМЕТ» Кыргызстанда метеорологиялык инфраструктураны бекемдөөгө, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууга салым кошорун айтып өттү.

Жыйынтыгында Бообек Ажикеев Харри Пиетарилага бул долбоор Кыргызстан эли үчүн ийгиликтүү ишке ашырыла турганына ишеничин айтып, ыраазычылык билдирди.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу