Жаңылыктар
20.02.2026 18:42
Кароолор: 4
МИНИСТР АЛЬПИНИСТТЕРДИН, ТУРИСТТЕРДИН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО КЕҢЕШМЕСИН ӨТКӨРДҮ
Бүгүн, 20-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Урматбек Шамырканов Кыргызстанда жайгашкан бийик чокуларда альпинисттердин, эң башкысы – адам өмүрүнүн коопсуздугун камсыздоо кеңешмесин өткөрдү.
Министр дүйнөдөгү бир нече чокуну багындырган альпинист Акматбек Маматкаимов жана министрликтеги тиешелүү башкармалыктардын жетекчилери менен кеңешип, кыргыз альпинизмин коопсуз өнүктүрүүгө салым кошууну демилгеледи.
“Кыргызстандагы бийик чокуларды багындырууга келген чет элдик альпинисттердин, туристтердин коопсуздугун камсыздоо менен кыргыз альпинизмин өнүктүрүүгө салым кошо алабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде тоодон куткаруучу кошуундарды сапаттуу шаймандар менен камсыздайлы”, - деген министр бийик чокуларга жакын атайын куткаруу пункттарын ачуу сунушун берди.
Урматбек Шамыркановдун айтымында, ӨКМдин Гидрометеорология кызматынын мөңгүлөрдү изилдөө иштерин инвестиция тартуу менен бекемдеп, Кыргызстандын тоолорунда экологиясы сакталат.
Туризмдин маанилүү тармагы катары коопсуз альпинизмди өнүктүрүүдө куткаруу кызматын кошо камсыздандырууга токтолуп, куткаруучулардын күжүрмөн даярдыгын арттыруу абдан маанилүү экендигин баса белгиледи.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР