Жаңылыктар

07.07.2026 20:19

   Кароолор: 230

МИНИСТР АЛАЙКУУНУН ТЕРЕК, КАН-КОРГОН АЙЫЛДАРЫНДА СЕЛДЕН КИЙИНКИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ ИШИ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Ош облусунун Кара-Кулжа районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында сел кырсыгы катталган Алайкуу айыл аймагынын Терек жана Кан-Коргон айылдарындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.

Министр селден жабыркаган аймактарды кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү, райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана тартылган мекеме-уюмдардын жетекчилери менен жолугуп, селден кийинки калыбына келтирүү иштерин ыкчам жана сапаттуу жүргүзүү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

2026-жылдын 2-июлуна карата жүргүзүлгөн тактоо иштеринин жыйынтыгында Алайкуу айыл аймагынын Терек айылында жалпы 50 турак жай жабыркаганы аныкталды. Анын ичинен 1 турак үй авариялык абалга келип, 12 турак үйдүн жертөлөсүн жана 34 турак үйдүн короо-сарайларын сел суулары каптаган. Ошондой эле 1 мечиттин, Терек үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана 35/10 кВ "Терек" электр подстанциясынын короолору сел алдында калган. Кан-Коргон айылында дагы 11 турак жайдын короосуна сел суулары кирген.

Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери үзгүлтүксүз улантылууда. Турак жайлардын жана социалдык объекттердин аймактары тазаланып, ички чарбалык жолдор менен Терек–Чат-Терек автоунаа жолун калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Калыбына келтирүү иштерине ӨКМден 4 атайын инженердик техника тартылып, калыбына келтирүү иштери уланууда.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ 

 

Жабуу
Жабуу
Жабуу
Жабуу --> Жабуу