Жаңылыктар
01.10.2026 10:13
Кароолор: 11
МИНИСТР АЛАЙ ЖАНА КАРА-КУЛЖА РАЙОНДОРУНДАГЫ МААНИЛҮҮ ОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Алай жана Кара-Кулжа райондорундагы бир катар маанилүү объектилерди жеринен көрүп, алардын учурдагы абалы менен таанышты.
Министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен биргеликте сел жана суу ташкындарынын алдын алуу, дарыя жээктерин бекемдөө, дренаждык тутумдарды жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан жана сунушталган иштерге көңүл бурду.
Алай районунда Гүлчө шаарындагы сел тосмосунун курулушу жана дренаждык тутумдардын абалы каралып, ошондой эле Тилек-Теш айыл аймагындагы сел коркунучу бар аймактардагы жээк бекемдөө иштери менен таанышты.
Кара-Кулжа районунда болсо Тар дарыясынын жээгиндеги эрозияга учураган тилке, ошондой эле Алайкуу айыл аймагындагы селден коргоочу курулмаларга байланыштуу аймактар жеринен көрүлдү.
Иш сапардын алкагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен көйгөйлүү маселелер талкууланып, калктуу конуштарды өзгөчө кырдаалдардан коргоого багытталган иштерди күчөтүү боюнча бир катар тапшырмалар берилди.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОРУ